Саясатчы Өмүрбек Бабановдун 2 жоргосу Чолпон-Ата шаарында өткөн Нооруз майрамына арналган ат чабышта байге утту. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов өзү социалдык тармактагы баракчасынан бөлүштү.
“Эң сонун жаңылык! Менин жорголорум – Императрица менен Империя Чолпон-Атада өткөн жорго кунан салышта биринчи жана экинчи орундарды ээлешти! Мени өзгөчө шыктандырганы бул аттар менин атканамда туулуп-өскөн!”-деп жазды ал.