Дүйнө

Казакстанда COVID боюнча абал оорлошуп баратат

Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны күн санап өсүп бара жатат. Мисалы, 31-март күнү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде 1 663 киши жуктурганын айтса, 1-апрель күнү бул көрсөткүч 1 873кө жеткен. Ал эми бүгүн 2 077 кишиден COVID-19 табылганын Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирус менен пневмониядан 12 киши каза тапкан.

Вирус көбүнесе Алматы (595 киши) менен Нур-Султан (427 киши) шаарларында катталууда.

Ушул тапта Казакстанда Нур-Султан, Алматы, Атырау, Актөбө шаарлары жана Алматы, Батыш Казакстан облустары «кызыл» зонада.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button