Коронавирус. Бишкекте жуктургандар көбөйүп, дагы эки бейтап каза тапты
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 142 адамдан табылып, эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 90,
Чүй облусунда – 44,
Ысык-Көл облусунда – 7,
Баткен облусунда – 1.
Ал эми бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 582 бейтап, амбулатордук түрдө 729 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 259 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 203 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 842 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 77 киши айыгып чыкса, 1 миң 502 адам каза болду.