Пайдалуу кеңештер

Узак жашагыңыз келсе туура тамактаныңыз. Адистин кеңеши

Узак жашайм дегендер күнүнө беш жолу жашылча жана жемиш менен азыктанышы керек. Бул тууралуу Science and Technology Daily басылмасы жазды.

Кытайлык адистер түрдүү азыктардын пайдасы жана зыяны тууралуу илимий маалыматтарды карап чыгышкан. Натыйжада күнүнө беш жолу жашылча жана жемиш жеп туруу жүрөк-кан тамыр ооруларын, онкологиялык илдеттерди жана башка өлүмгө жетелеген дарттардан оолак кыларын аныкташкан. Бирок буларды айтылгандан көп колдонуу тескери таасирин тийгизет. Адистер эскерткендей, күнүнө эки порция жемиш, үч порция жашылча колдонуу керек.

Бирок изилдөөчүлөр алардын баары эле пайдалуу эместигин белгилеген. Маселен, буурчак, жүгөрү жана картошка олуттуу оорулардын санын азайтпайт. Шпинат, латук (салат), цитрус өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана сабиз ден соолукка өтө керек экени кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button