Бишкекте 14 жаштагы кыз үч күндөн бери изделип жатат (ФОТО)

Бишкекте 14 жаштагы Айбийке Мамбеталиева жоголуп кетти. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты. 

8-апрель күнү милицияга борбор калаанын Ж.А. аттуу жашоочусу кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын билдирген.

“Өспүрүм кыз 7-апрель күнү Ак-Өргө конушундагы үйүнөн саат 10:30да чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин анын кайда жүргөнү белгисиз. Милиция издөө иштерин жүргүзүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө белгилери: бою 145-150 сантиметр, толук, чачы сары, узун, көзү көк. Үстүнө жеңил кара куртка, кара шым, кара туфлий кийип, рюкзак асынып жүргөн.

Айбийкенин кайда жүргөнүн билгендер (0312) 35-26-05, 44-44-57, 35-26-32, (0553) 10-28-80, (0703) 40-16-00, (0707) 30-47-53 же 102 номерлерине чалса болот.