Медицина кызматкерлерине кызматтык батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 10-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев министрликтин кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө министр А.Бейшеналиев КР президенти Садыр Жапаров саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү тутумунун кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ал үстүбүздөгү жылы 1-апрелден баштап Үй-бүлөлүк медицина кызматкерлеринин айлык маянасы 100%га көтөрүлгөнүн эскертти.

“Ошондой эле, 1-июлдан тартып бардык медицина кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жана 50%га көтөрүлөт. Муну менен катар көп жылдардан бери саламаттык сактоо тутумунда иштеп, батирде жашап жүргөндөргө кызматтык батирлер бөлүндү. Бүгүн чындыгында эле муктаждарга ачкычтар тапшырылды”,-деди министр.

Эске салсак, кызматтык батирди Тургунбаева Мира Эсенбекова жана Калмырзаева Жазгү Сүйөркуловна алды.