Коом

ИИМ: Россияда жасалма документтерди колдонгондорго кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралган (ВИДЕО)

Урматтуу мекендеш! Акыркы убакытта Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн биздин жарандарыбыз жасалма жолу менен жасалган ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө. Биздин кээ бир мекендештер документтерин жоготуп алып, же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен мыйзамдуу жасоодон жалкоолонуп, жасалма документтерди жасатышып жатат.  Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз,  анда сиздин кыймыл-аракетиңизде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз. Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда, токтоосуз ошол жердин райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алгандан кийин, Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл. Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылсңыздар болот.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button