Саясат

Референдум. Шайлоочулардын 79% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдошту

Кыргызстанда Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, референдумга жалпы 1 млн 336 миң 743 жаран катышты. Ал шайлоочулардын 37,08 пайызын түзөт.

“Акыркы маалыматтарга караганда, референдумга 1 млн 59 миң 476 жаран “макул” добушун берди. Ал шайлоочулардын 79,24%ын түзөт. Ал эми 182 миң 553 шайлоочу “каршы” добушун берди”, — дейт ал.

Шайлдабекова референдумдун акыркы жыйынтыгы шайлоо күнүнөн 35 күн өткөн аралыкта айтыларын белгиледи.

Конституция боюнча референдумга добуш бергендерди аймактар боюнча алганда:

— Бишкекте “макул” — 60,66%, “каршы” — 36,10%;
— Ош шаарында “макул” — 79,87%, “каршы” — 12,27%;
— Жалал-Абад облусунда “макул” — 84,7%, “каршы” — 7,94%;
— Ысык-Көл облусунда “макул” — 85,25%, “каршы” — 9,9%;
— Нарын облусунда “макул” — 82,84%, “каршы” — 11,25%;
— Ош облусунда “макул” — 84,33%, “каршы” — 7,76%;
— Талас облусунда “макул” — 74,99%, “каршы” — 16,6%;
— Чүй облусунда “макул” — 70,84%, “каршы” — 21,36%;
— Баткен облусунда “макул” — 84,27%, “каршы” — 8,68,% жаран добуш берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button