Коом

Зекет кандай берилет. Муфтияттын түшүндүрмөсү

Муфтият малдын санына карап зекет берүүнүн жол-жобосу тууралуу сунуштамасын жарыялады.

Ага ылайык, ар бир мусулман пенденин бодо малынын саны (уй, топоз) 30га жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунажын зекет катары берилет.

Ал эми короосунда 40тан ашык кой-эчки багылып турса, анын ичинен бирөөнү зекетке берүү сунушталат. Ошону менен бирге беш төөгө бир кой каралган.

Муфтият мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрө турганын белгиледи.

Ошондой эле зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү үй, автоунаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк жана башка нерсе менен берилбей турганын эскертүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button