ИИМ: Чет өлкөлүк жаранга каракчылык менен кол салган адам кармалды

2020-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Кытай Эл Республикасынын жараны 1977-жылы туулган Чж.Х.  арыз менен кайрылып, кылмыш жасоого тиешеси бар белгисиз жарандарга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп  берүүлөрүн суранган.

 2020-жылдын 11-октябрь күнү Бишкекте азият түспөлүндөгү үч адам Кытай Эл Республикасынын жараны убактылуу жашаган үйгө кирип келишкен. Турак жайга кирип, ал жакта жашагандарды сабап, физикалык күч  колдонушуп,  ири өлчөмдөгү акча каражатын жана  iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, документтерин ээлеп алышкан.

 Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжасында милиционерлер кылмышка шектүүлөрдү кармашкан.

  Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда  милиция кызматкерлери Ысык-Ата  районунан Чүй облусунун тургуну 1993-жылы туулган Т.уулу Ы. кармашты.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.  Ал криминалдык авторитет Дж.Ч.нын жакын тууганы болот. Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.

 ИИМдин Басма сөз кызматы