Бишкекте бейөкмөт уюмдарга жана ЛГБТ коомчулугуна каршы митинг өттү

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында бейөкмөт уюмдарга жана ЛГБТ коомчулугуна каршы митинг өттү.

Митингчилер эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарды ЛГБТ коомчулугун жайылтууда жана туура эмес стереотиптерди орнотууда деп айыптап, өкмөттөн жогорудагы уюмдарды түп тамыры менен жок кылууну өтүнүштү.

Митингчилердин бири Мариа Алымкулованын айтымында, Кыргызстанда ЛГБТ коомчулугунун принциптерин үгүттөө иши кызуу жүрүп жатат.

“Бул стереотиптер жаштардын аң-сезимин бузуп, алардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизишет. Мунун себеби эл аралык уюмдар. Биз депутаттардан бейөкмөт уюмдардын саясатка аралашуусун чектөөнү жана “салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата позитивдүү мамилелерди өрчүтүүгө” кылмыш ишин козгоо үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгууну суранабыз”, – деди ал.