Коом

Бишкекте Абхазиянын номери бар унаалардын ээлери митингге чыгышты

Өкмөт үйүнүн жанында Абхазиянын мамлекеттик номурлары бар унаа ээлеринин митинги өтүп жатат. Митингчилер аталган автоунааларды каттоо маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Митингчилердин айтымында, алардын көйгөйүнө эч ким көңүл бурбайт.

«Бардыгы бизге Абхазиянын мамлекеттик номурун каттоо маселесин чечип беребиз деп убада беришет, бирок аны эч ким жасабайт», — деди нааразы тарап. — Президент болбосо, жок дегенде Марипов бизге келет деп күтүп жатабыз. Алар бизди угушу керек. Бешинчи жолу келип жатабыз.

Митингге 150гө жакын адам катышууда.

Эске салсак, 2021-жылдын 16-мартынан тартып, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, Абхазиянын мамлекеттик номерлери менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын көзөмөлүндө турган унаалар токтотулган. Белгиленгендей, унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз алынып келинген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button