Пайдалуу кеңештер

Кофе адамды арыктатабы? Адистин кеңеши

Гранад университетинин физиология факультетиндеги окумуштуулары кофенин пайда-зыяны тууралуу  иликтеп, анын арыктоого кандай жардамы бар экенин жар салышты.

Көпчүлүк маалыматтарда кофе арыктатуучу каражат катары колдонулат дейт окумуштуулар. Чындыгында эле кофе арыктайм дегендерди жана спорт менен машыккандарга жардамы тийеби?  Окумуштуулар майды ээрите турган  каражат катары кофени ичсе болоорун айтышат. Бирок, кофени ашыкча пайдалануу ден соолукка терс таасири бар экенин да кошумчалаган.

Кофенин арыктатуучу каражат катары ичсе кандай таасирин тийгизет деп атайын 15 жигитти эксперимент кылып иликтешкен.  Ал жигиттер спорттук көнүгүүлөрдү жасаардын алдында 30 минут мурун ичип турушкан. Андан тышкары эртең мененки саат 8.00дө жана 17.00 ичишкен.

Илимпоздордун айтымында кумшекер, сүт кошулбаган  коюу кофе арыктаганга эффективдүү таасирин тийгизет. Андыктан, арыктайм дегендер  кофеге таттуу жана сүт кошулбастан эки маал ичсе болот деген сунушун айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button