Бирөө капталына оодарылып калды. Бишкекте эки маршрутка кагышты

Бишкекте жүргүнчү ташыган эки маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 22-апрелде болжол менен таңкы саат 08:00дө Куттубаев жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Кырсыктан эки жаран жаракат алгандыгы айтылууда.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, учурда жеринде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.