Дүйнө

Бердимухаммедов уулуна «эмгек сиңирген ит багуучу» наамын берди

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун уулу Сердар Бердимухаммедовго «Түркмөнстандын эмгек сиңирген ит багуучусу» наамын ыйгарды. Мамлекет башчынын бул тууралуу жарлыгы 21-апрелде телевидение аркылуу расмий кабарланды.

Өлкөдөгү абройлуу сыйлыктардын бири саналган бул наам Сердарга эгемендик доорунда ит багуу жаатында жетишкен ийгиликтери үчүн ыйгарылды.

«Эмгек сиңирген ит багуучу», «Эл ит багуучусу» сыяктуу жогорку наамдарды 2021-жылдын мартында парламент негиздеген.

Түркмөнстанда Алабай породасындагы иттерге да, ит багуучуларга да өзгөчө көңүл бурулат. 2020-жылдын нобярында Ашхабадда Алабайга чоң айкел орнотулган.

Президент иттер жөнүндө китеп жазып, Алабайга арналган ырлар жаралган. Жалпыга маалымдоо каражаттарында президенттин «Түркмөн Алабайы» китеби «элдин жашоо-турмушунда маанилүү роль ойнойт» деген пикир такай айтылат.

Сердар Бердимухаммедов — премьер-министрдин орунбасары, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы жана «Түркмөн Алабайлары» эл аралык ассоциациясынын жетекчиси.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button