Дүйнө

NASA: 21-жылдын августунда Жер 2016 AJ193 астероиди менен кагылышы ыктымал

NASAнын (АКШнын космикалык агенттиги) адистеринин божомолунда, 2021-жылдын 21 -августунда Жер 2016 AJ193 астероиди менен кагылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Территория Новостей» порталы өткөн жумада билдирген.

Аталган бул асман телосу биздин планетаны көздөй өтө тездик менен учуп келе жатат. 2016 AJ193 астероиди көлөмү боюнча Дубайдагы Бурдж-Халифа асман мелжиген мунарадан алда канча чоң. Астероиддин узундугу 1374 метр, туурасы 403 метрди түзөт. Ал 2021-жылдын 21-августунда Жерге өтө жакын учуп келет. NASAнын жерге жакын объектерди изилдөө Борборунда бул астероидди Аполлон тобуна кошушкан. Астероид менен Көгүлтүр планетанын (Жердин) аралыгы максималдуу кыскарып, 3,4 миллион чакырымды түзүп калат. Асман телосунун ылдамдыгы ошол мезгилде секундасына 26,17 чакырымга барабар болот (Башкача айтканда, болжолдуу алганда 36 сааттын ичинде Жерге жете алат — «Abal.kg»).

Кийинки жолу бул астероид 2063-жылдын февралында Жердин орбитасына жакын учуп өтөт. Адистер бул астероиддин Жер менен кагылышуусуна баа беришти. Бирок, алдын ала алынган маалыматтар боюнча бул астероиддин Жер менен кагылышуусу иш жүзүндө дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми астероид Апофистики башка. Ал траекториясын өзгөртүп жибериши ыктымал. Ошондуктан окумуштуулар анын (Апофистин) жер менен кагылышуусун эсептеп гана тим болбостон, аны болтурбай коюу далаалатын да көрүшүүдө. Мындан сырткаары, «Территория Новостей» порталы Жерди Апофис менен кагылышуудан сактай турган жолду табышканын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button