Маданият
Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулова да дүйнө салды
Кечээ 26-апрелде эле сөөгү жерге берилген залкар драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Бексултан Жакиевдин жубайы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сабира Турсункулова да катуу оорудан кийин 28-апрелде каза болду.
Сабира Турсункулова өмүр бою маданият тармагында, анын ичинде маданият министрлигинин аппаратында эмгектенип, акыркы үч жылдан бери гана эс алууга чыккан.
Б. Жакиев менен С.Турсункулова 65 жыл бирге өмүр сүрүшкөн.