Баткенде жаңжалдан жабыркаган үйлөрдүн жана имараттардын тизмеси жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги астында түзүлгөн атайын комиссия тарабынан Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Түзүлгөн атайын комиссия тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай (АЗС), 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объекттер, 5 башка мамлекеттик имарат жабыркаган.