Коом

Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынан көчүрүлгөндөрдүн жарымынан көбүн туугандары алып кетишти

Баткендин шаардык мектебинде Баткен облусунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынан эвакуацияланган 650 тургун жайгаштырылды. Эвакуациядан кийин алардын жарымынан көбүн туугандары үйлөрүнө алып кетишти. Бул тууралуу Баткен шаарынын вице-мэри Гүлсүн Рыскулова билдирди.

“Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынан 650 адам Баткен шаарындагы Ленин атындагы мектепке жайгаштырылган. Бирок, алардын жамынан көбүн туугандары алып кетишип, азыр бул жерде 150 адам жашап жатат. Алар негизинен кары-картаңдар, аялдар жана балдар”, — деди ал.

Рыскулова башка райондордогу жабырлануучулар дагы мектеп жана социалдык объектилерде баш калкалашууда деп кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button