Коом

Коронавирус. 224 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза тапты

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан сегиз адам көз жумуп, 224 киши жуктуруп, ошондой эле 225 адам сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар, аймактар боюнча:

  • Бишкек — 139;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй — 63;
  • Ош — 2;
  • Нарын — 8;
  • Ысык-Көл — 11.

Пандемиядан бери расмий түрдө 96 561 кишиден оору чыкты.

Ал эми акыркы суткада көз жумган сегиз кишинин алтоо Бишкекте, ал эми экөө Ысык –Көлдө каза тапты. Коронавирус жалпы 1630 адамдын өмүрүн алды.

Учурда республика боюнча стационардык дарыланууда 1 503, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 295 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button