Коом

Рахматуллаев: Медиктерге агрессорлор тарабынан мындай мамилени эч качан көргөн эмесмин

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Баткендеги бириккен ооруканага келген журналисттерге медицина кызматкерлери ооруканага жеткен дээрлик бардык жабыркагандарды сактап кала алышты деп билдирди. Ал эки адамдын өмүрүн сактап кала албаганын кайгыруу менен белгиледи.

Рахматуллаев борбор шаардан Баткен облустук ооруканасына нейрохирург, кан тамыр хирургу, андан тышкары реаниматологдордон турган медиктердин эки бригадасы келгенин белгиледи. “Алар чек арадагы окуя учурунда элүүгө жакын операция жасашты. Медиктер жогорку адискөйлүктө жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүштү”, — деди саламаттык сактоо министринин орун басары.

Ошондой эле, ал “Головной” суу бөлүштүрүү каналынын аймагында тажик тарап тез жардам унаасын аткылашып, анын натыйжасында Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери жабыркаганын билдирди. “Ошондой эле, тажик аскерлери Максат айылындагы ФАПты өрттөп салышкан. Мен медицина кызматкерлерине агрессорлор тарабынан мындай мамиле кылууну эч качан көргөн эмесмин”,-деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button