ВИДЕО: Женевадагы кыргызстандыктар БУУнун кеңсесине келип чыр-чатак боюнча эл аралык иликтөөнү суранышты

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга чет өлкөдөгү мекендештер да кайдыгер калтырбай, ар кандай жардамын, сунуштарын берип келет. Женева шаарында жашаган мекендештер БУУнун астына чогулуп, эл аралык коомчулукту Кыргыз-Тажик конфликтине көңүл бурууга чакырганын Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова билдирди.
“5-майда Женева шаарында БУУнун астына кыргызстандыктар чогулуп, эл аралык коомчулукту Кыргыз-Тажик конфликтине көнүл бурууга чакырдык. БУУ, ОБСЕ, Евробиримдик баш болгон уюмдардын эки мамлекеттен ортосундагы маселелердин тынчтык жолу менен чечилишине салым кошуу, жабырланган жарандарга колдоо кылуу жана Тажикистандын биздин жай тургундарга оор куралдардын пайдаланышын иликтеп чыгууну талап кылдык. Ошондой эле Амнести Интернейшнл жана Хьюман Райтс Воч уюмдарына да кайрылып, бул конфликтти тыкыр иликтеп, кагылышуунун хронологиясын тизип чыгуу өтүнүчү менен да кайрылдык. Эн башкысы, Тажикистан жана Кыргызстан ортосундагы суу жана чек ара маселелеринин тынчтык жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек”, — деди Чолпон Орозобекова.







