Коронавирус. 416 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза тапты
Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус дагы 416 адамдан аныкталып, алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 246,
Ош шаарында – 10,
Чүй облусунда – 110,
Ош облусунда – 3,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 25,
Жалал-Абад облусунда – 15,
Баткен облусунда — 2.
Ал эми бир сутка ичинде 308 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 514 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 130 бейтаптын абалы орто оордукта, 437 адамдын абалы оор жана 83 бейтап өтө оор абалда жатат.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 485 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 417 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 98 миң 79 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 91 миң 267 киши айыгып чыкса, 1 миң 649 адам каза болду.