Коом

Чек ара чырында жабыркаган киши көзүнө операция жасаттыруу үчүн Түркияга кетти

Баткен облусунун чек арадагы айылдарына Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркап, Бишкекте дарыланып жаткан кыргызстандыктын көзүнө Түркиядан операция жасаттыруу зарылдыгынан улам бейтап аталган мамлекетке учуп кетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

30-апрелде көзүнө снаряддын сыныктары кирип кетип жана эки бутунун таман сөөктөрү сынган Лейлек районунун Интернационал айылынын 38 жаштагы тургуну Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген. Бул жерден анын оң көзүнүн чел кабыгына операция жасалып, андан кийинки компьютердик томография көзүндө башка нерселер дагы бар экенин аныктаган. Түркиядан Кыргызстандагы жеке ооруканага келген дарыгер бейтапка кеп-кеңешин берип, аталган мамлекеттин клиникаларынын шартында көздүн чел кабыгын алмаштыруу сунушталган.

Бейтаптын жолуна, ал жакта жашап турууга жана дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү Кызыл ай коому алган.

Бүгүнкү күндө Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын ичинен 25 адам Бишкектеги  Травматология жана ортопедиял илим-изилдөө борборунда, 12 бейтап Улуттук госпиталда, 9 адам Улуттук хирургия борборунда, 6 киши Баткендеги бириктирилген ооруканада, 4 бейтап Лейлектеги, 1 адам Кадамжайдагы ооруканада дарыланып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button