Коом

Соцфонд айрым пенсионерлер эмнеге мурдагыдан аз пенсия алып калышканын түшүндүрдү

Пенсияны массалык түрдө кыскартуу жок, айрым учурлар бар, бирок алар төлөө боюнча автоматтыштырылган тутумдун ишке киришине байланыштуу. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө боюнча башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында Соцфонд эсептешүү тутумун автоматташтырган.

“Ушуга байланыштуу пенсияны мурдагыдай суммада ала албай калган айрым учурлар бар, бирок массалык негизде мүнөздөлбөйт. Мурда пенсия колго берилип, адамдык фактор катышчу. Мүмкүн, мисалы 5 миң 100 сом чегерилчү, бирок азыр автоматтык тутум 5 миң сом пенсия чегерет, анткени бул туура эсеп. Автоматтык система пенсияны чегерүүнү мыйзамдарга ылайык келтирет экен”,-деди ал.

Мындан мурда социалдык тармактарда аз пенсия алып калган пенсионерлер тууралуу маалымат чыккан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button