Акылбек Жапаров: Кумтөргө тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн

Кумтөргө тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

“Эгерде дүйшөмбү күнү парламент чечимди кабыл алып, өкмөткө сунуштаса, үч жылдык мөөнөткө убактылуу башкаруу киргизилиши мүмкүн. Бүгүн президент Садыр Жапаров кол койгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор убактылуу башкарууну ким жана качан киргизе алат деген процедураларга жана ыйгарым укуктарга тиешелүү. Бул мыйзамда министрлер кабинетинин башчысы жасай алары айтылган. Ошондой эле мыйзамда зарыл учурда убактылуу ким жетекчи боло тургандыгы жана критерийлери көрсөтүлгөн”, — деди мамлекеттик комиссиянын жетекчиси.

Анын айтымында, убактылуу башкарууну киргизүүнүн өзү “Жер казынасы жөнүндө” жана “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарда каралган.

Ошондой эле Жапаров комиссия кендин кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян туудурган фактыларды аныктаганын билдирди.

“Техникалык коопсуздук менен тоо иштеринин технологиясы сакталбагандыгынын кесепетинен 19 киши көз жумду. 66 адам ар кандай жаракат алды, анын 47синин ден соолугуна олуттуу кесепеттер жаралды. Экология маселеси да бар. 2013-жылдагы мамлекеттик комиссиянын жана 2012-жылдан берки парламенттин жана өкмөттүн таштандыны мөңгүгө төкпөш керек деген токтомуна карабастан мыйзам бузуулар уланууда. Буга тыюу салынган”, — деген ал.