Окуялар

Корумду чокусунда каза болгон альпинисттердин сөөгүн түшүрүү операциясы жакынкы күндөрү башталат

Ош облусунда Корумду чокусунда каза болгон чет элдик альпинисттердин сөөгүн түшүрүү операциясын жакынкы күндөрү баштоо пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, операцияны Кыргызстандын тажрыйбалуу альпинисттери жетектейт. Алар чокуга чыгып, андан соң каза болгондордун сөөгү бар деп болжолдонгон жерге түшүшөт.

«Адистер сөөктөрдүн жайгашкан жерин тактап, алардын ким экенин аныктагандан кийин Ош шаарына жеткирүү иштери башталат. Операция жакынкы күндөрү — эртең же бүрсүгүнү, Корумду чокусунда аба ырайы турукташканда башталат», — деди Эдуард Кубатов.

Эске салсак, Беларустун жарандары Максим Полянский (43 жашта), Николай Свиридов (60 жашта) жана Литванын жараны Сергей Рубцов (37 жашта) 2-августта Корумду чокусуна ийгиликтүү чыгышкан. 4-августта алар базалык лагерге түшө баштамак, бирок белгиленген убакта байланышқа чыгышкан эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана ыктыярчылар издөө иштерин башташкан. Бирок аба ырайынын начардыгы издөө иштерин кыйында-тып, баалуу убакыт жоголгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button