Садырбек Дубанаев: Жаңы кодекстер милициянын натыйжалуу иштешине мүмкүнчүлүк бербейт

Соттук-укуктук реформа боюнча өз оюмду жазууга “АкиПресс” маалыматтык агенттигиндеги Сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү,  юридика илимдеринин доктору, эксперт, жаңы кодекстерди иштеп чыгууга катышкан Сыдыкова  Лейла Чынтургановнанын макаласы түрткү болду.

Соттук реформа башталган 2017-жылдан бери, Ички иштер министрлигинин отставкадагы генералдары урматтоо менен жаңы иштелип жаткан кодекстерди чыдамсыздык менен кутуп жаттык. Биз профессорлор жарандарга тынч жашоо алып келген, кылмыштуулуктун санын азайткан жаңыча бир нерсе ойлоп тапты го деп үмүттөнгөнбүз.

Бирок, өткөн 2,5 жылда кылмыштуулуктун саны азайбай, коомдо резонанстуу кылмыштар көбөйдү. Ал эми кызматкерлер жарандардын арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштайт, бирок, тергөө иштери тергөөчүлөргө жүктөлүп алар болсо, кылмыштуулук менен күрөшө албай жатышат.

Кодекстерди иштеп чыккан  “ооздорунан көбүк аккан” эксперттер ММКларда өздөрүнүн позицияларын коргоп жаткандыгын көрүп, чыдап, унчукпай  отурууга күч жок!

7-майда Башкы  прокуратура жаңы кодекстердин жайындысын элдик талкуулого койду. Башкы  прокуратуранын бул демилгеси көптөн бери өз убагында аткарылбай келген көйгөйлөрдүн бири. 2021-жылдын  5-майында жалпы элдик референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы жана өлкөбүздө жаңы түзүлүп келе жаткан саясий система мындан аркы соттук-укуктук реформаны жүргүзүүдө эске алынышы керек. Айрыкча, мамлекет башчы С.Н. Жапаров Конституцияга кол коюу учурунда адилеттүү сот жана укук тутумун орнотууга умтулуусун билдиргенден кийин.

Л.Ч. Сыдыкова өз макаласына “Укук коргоо органдары өз иштерин реформалоого даяр эмес болчу”, “Алар жаңы шарттарда иш алып бара алышпайт”, “Кылмыш деген башка жана эски стандарттар менен иштөө ансыз деле кабыл алынгыс” деп баа берген.

Каин Авельди өлтүргөн учурдан бери кылмыштуулук пайда болуп, ар дайым бирдей бойдон калганын айткым келет. Кылмыштуулук башкача болбойт жана өзгөрбөйт. Болуп эле жүргөн адам өлтүрүү, уурдоо, тоноо, алдамчылык, адам уурдоо. Булардын баары илгертен бери эле келе жатат.

Киберкылмыштуулук, терроризм, экстремизм сыяктуу жаңы кылмыштардын түрлөрү дагы бар, бул талашсыз. Бирок, талдап карасак булар кылмыштуулуктун 20-30% түзүп, калган 70-80% байыркы доордогу, союз учурундагы керек болсо, 10 кылым мурдагыдай эле кылмыштар түзөт.

Ошондуктан, профессорлордун кылмыштар башкача болуп кетти дегенине мен кошулбайм. Ооба, кылмышкерлерде из жашырууда, жоопкерчиликтен качууда мүмкүнчүлүктөрү көбөйдү. Бирок, бул башка тема.

Л.Ч. Сыдыкованын көтөргөн материалдарын анализдеп отуруп, совет доорундагы системаны жактырбасын жана ар бир мүмкүнчүлүктө тарыхий совет доорун каралоого аракет кылып жатат деген жыйынтыкка келдим. Лейла Чынтургановна көрүнүктүү окумуштуу, профессор болгону  совет мезгилинде топтогон тажрыйбасынын аркасында эмеспи деген ой кетпей койбойт.

Ошондуктан, профессордун “Кылмыш деген башка жана эски стандарттар менен иштөө ансыз деле кабыл алынгыс” деген оюна кошулбайм.

Эски стандарттар боюнча мисал келтире кетсем, совет мезгилиндеги 80-жылдарда жалпы Кыргызстан боюнча  жыл ичине 12-13 миң кылмыш катталчу. Бул азыркыга салыштырмалуу 8 эсеге аз.

Лейла Чынтургановнанын агасы Автандил Чынтурганович (курсташым) менен милицияда иштеп жүргөндө, тоноо, уурулук, адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштардын 90% нын бети ачылчу.

Тоноо же адам өлтүрүү сыяктуу кылмыштар чанда эле ачылбай калчу. Райондогу адам өлтүрүү өзгөчө кырдаал катары сыпатталып, ал кылмыштын бетин ачууга укук коргоо органдарынын бардык күчү жардамга тартылчу.  Ошондуктан издөө иши ыкчам жүрүп, ал эми сот күнөөсүз адамды жазалап койбосун деп, тергөө иштери кылдаттык жана дыкаттык менен жүргүзүлчү.

Ошондуктан совет жараны өз коопсуздугун сезип, кенен басып жүрчү.

Мен совет доорун толук бойдон идеалдаштыруудан алысмын бирок, ошол маалда жашап калган жарандардын бардыгы совет доорунда жашоо азыркыга караганда коопсуз болгондугун танбайт.   

Урматтуу профессор мага ал учурда система башкача болгондугун, тарбия, илим-билим, түшүнүк башкача болгон деп жатат. Ошентсе да, адам өлтүрүү, тоноо, урдоо методдору азыр деле өзгөрүүсүз ошол учурдагыдай жана өзгөрбөйт дагы. Өзгөргөнү бул кылмыштуулуктун санынын көбөйгөндүгү.

80-жылдары кылмыш бетин ачуу тезирээк жана натыйжалуу болуп, кылмыштуулуктун алдын алуу бир топ жакшырды. Ички иштер органдары ыкчам-издөө иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарга ылайык, ыкчам ыкма менен маалымат алып, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшап, экспертизаларды дайындашчу.

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам 90-жылдары пайда болгон, бирок, система 70-80-жылдарда түзүлгөн. Ыкчам иш-чаралар мурда эле жүргүзүлүп келген, бирок ыкчам  иш-аракеттер жөнүндө мыйзамдын пайда болушу ыкчам бөлүмдөрдүн ишин жөнгө салууга, көз карандысыз органдардын жана жарандардын укуктарын жана милдеттерин жакшыраак коргоого мүмкүндүк берди.

80-жылдарда жылына кылмыштын 12-13 миң катталышына жарандардын  мыйзамды сактап жүргөнү эле эмес, өз убагында кылмыш бетин жана  пландалып жаткан кылмыш ишин  ачкан, алдын алуу иштерин мыкты жүргүзгөн ыкчам-иликтөө кызматкерлеринин салымы чоң экенин баса белгилегим келет. Буга ошол учурдагы документалдуу фильмдер күбө.

Бүгүнкү күнгө кайрылсак, 2017-жылы кабыл алынган соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдар жана кодекстер менен өзүм таанышмын. Алар ар кандай мезгилерде жана шарттарда идеалдуу түрдө иштемек, эгерде, Кыргызстан Германия, Норвегия, Финландия өлкөлөрү сыяктуу укуктук аң-сезими жогору, өнүккөн коом болгондо.

Жаңы кодекстер менен иштеген 2,5 жыл аралыгында алардын мыйзамдары жана европалык укуктук институттары бизге эч жакшы нерсе алып келбегенин жана алып келбестигин көрсөттү.

Жаңы европалык укуктук механизмге “Укук когоо органдары даяр эмес болчу” деп профессор туура айтты. Бул органдардын системасы советтик бойдон калгандыгы үчүн ушундай. Системада кызматкерлерди тергөөчүлөр жана кылмыштын бетин ачкандар деп бөлгөн. Бул да кокустук эмес, совет доорундагы мындай бөлүштүрүү да жөн келип чыккан эмес. Бул кылмыштын бетин тез ачууга талап ал эми экинчиси кылмыш иликтөө кылдат жүрсүн деген жүйөө менен бөлүнгөн.

Мен жогоруда айткан советтик ыкма батыштыкына караганда жакшы жыйынтык алып келчү. Бизде кылмыш бетин ачуу 70-90%ды түзсө, батыштан 50% дан ашчу эмес. Дал ошол совет жарандары өздөрүн жер жүзүндөгү эң коопсуз жаран катары сезчү.

Жаңы кодекстер совет доорунда калыптанып калган системаны талкалап ордуна европанын жаңы системасын алып келүүгө багытталган. Бирок, буга Кыргыз Республикасы даярбы? 2019-жылга укук коргоо органдарында жаңы шарттарда иштегенге даяр адистери барбы? Коом мындай бурулуштарга даярбы?

Менин оюмча бирөө да даяр эмес. Бул системага эч ким даяр эмес деген позицияма мисалдарда түшүндүрүп берсем.

Акыйкат келишими сыяктуу институт кыргыз коомчулугуна эмне алып келгенин көрдүк. Европада жакшы көрүнгөн укуктук механизм бизге, “жебенин үчүн башкага көрсөтүп, боштондукка чык!”  деген нерсеге алып келди.

Биздин укуктук системабызда европалык институттан келген баш коргоо чарасын күрөөгө коюуга өзгөртүү системасы бизде эмнеге иштебейт жана укук коргоо органдары тарабынан колоо тапкан жок?

Себеби, батыштын аң-сезиминен айырмаланып, биздин кылмышкердин аң-сезими башкача. Биздин үйдө өскөн кылмышкер кичинекей акчалай күрөөнү төлөөгө даяр.  Бул сот менен кылмыш иши боюнча түрмөгө түшкөнгө караганда бир топ арзан болот. Ошондой эле, биздин жарандардын көпчүлүгү, сот адилеттиги сот жообуна тартылбаса дагы, европалыктар жана америкалыктар жөнүндө айтууга болбой турган чет өлкөгө таштоого даяр экендигин, алардын ар бири өз өлкөсүндө жашоого умтулгандыгын эске алуу зарыл.

Муну түшүнгөн укук-коргоо органдары кылмышка шектүүнү убактылуучу кармоочу жайда же тергөө абагында  кармоого аракет кылышат. 

Бул кодекстерди жазган адамдар укук коргоо органдарынын иштөө шарттары менен тааныш эмес.

Менин мүмкүнчүлүгүм болгондо, бул “эксперттерди” РИИБге тергөөчү жана ыкчам  кызматкери кылып, 1-2-жылга иштетип коет элем. Ошондо түшүнмөк, европанын системасы менен бизде иш алып баруу канчалык оор экенин.

КМКнын ыкчам кызмат ордуна дайындалган бул “эксперт” селитраны сатып алуу жөнүндө маалыматты Электрондук маалымат журналына (ЭЖУИ) кандайча каттай тургандыгын өз көзүм менен көргүм келет!

Андан кийин ал жарандын селитра сатып алган фактысын каттаганы үчүн прокурорлордон “башка жегенин”.

 Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (мындан ары КЖБР) байкоо жүргүзүп жаткан прокуратуранын кызматкери “Сиз оперативдүү кызматкерсизби? Эмне себептен селитраны сатып алуу фактысын өзүңүздүн отчетуңуз менен каттадыңыз? Бул кылмышпы?” деген суроону берет. Бул туура  себеби, аммиак селитрасын миңдеген дыйкандар эгин себүү мезгилинде жана жазында, тонналап сатып алышат.

Эми суроо 10 миңдеген дыйкандардын  арасынан аммиак селитрасын алып жаткан жаран дыйкан эмес, бирок аммиактын жардамы менен  колго жасалган жарылуучу затты колдонуп терракт жасоого аракет кылып жаткан кылмышкер экенин кантип билсе болот? Билгендер мен эмне жөнүндө айтып жатканымды билишет.

 Бир гана өз убагында алынган ыкчам маалыматтын арты менен гана дыйкан эмес террорист экенин билсе болот.

Бүгүнкү күндө Ички иштер органдарынын миңдеген  криминалдык милиция кызматкерлерине даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө маалымат келип турушу керек. Ошолордун ичинен ону гана чындыкка дал келиши мүмкүн. КЖБР же Маалыматтарды каттоо электрондук журналы 80-90% керексиз маалыматтын баарын иргеп отурганга даярбы? Башкы прокуратура, кылмыштын статистикасын көбөйтпөш үчүн анан баарын каттоого уруксаат бербейт.

 Мен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каршы эмесмин. Ал статистиканы так чыгарууга жакшы шарт түзүп берет. Прокурор сыктуу эле мен деле маалыматтын баарын КЖБРге же Маалыматтарды каттоо электрондук журналына каттоого каршымын. Бул жөн гана ал жакты  керексиз маалыматка толтурат. Лейла Чынтургановнанын оюна кошулсак жасалбаган кылмыш иши боюнча атайын иликтөө иштери башталат.

Эгерде, реформанын негизинде тергөөчү менен ыкчам кызматкерин бириктирип, кыргыздарын шартында аларды детектив кылсак жана алардан жетекчилери кылмыш бетин ачуу иши боюнча талап кылбаса детективдер кабинетинде отуруп иштеп, ал эми ачык жерлерде чуркап, кылмыштын бетин ачкан эч ким болбойт. Баары бир эле учурда кылмыштын бетин ачууга жооп берет, ошол эле учурда эч ким жоопкер да болбойт!

Тергөөчүлөр менен опер кызматкерлери европалык детективтердей иш алып баруу учун жаңы багытта адистерди даярдашыбыз керек. Ал үчүн даяр детективдерди кайдан алабыз жана аларды даярдоого канча убакыт жана каражат керек? Ал детективдерди башкарууга жана алардан жаңы системанын негизинде  кылмыш бетин ачуу боюнча талап кылган жетекчилерди кайдан табабыз? 

Европалык укуктук үлгү киргиздик, а ИИОнун системасы совет доорундагы бойдон калды. Же болбосо, Грузиянын практикасын колодонуш керек болчу. Бүт системаны бузуп, жаңы укук коргоо органын түзүп, бирок, Грузияныкындай миллиард долларды кайдан табабыз.

Түзүлүп жаткан экономикалык кырдаалга байланыштуу “пробация” сыяктуу кымбат европалык институт натыйжалуу иштеген жок. 2,5 жылдын ичинде коомдук жумушка тартылган соттолгон адамдар дээрлик жок экендигин дагы кандайча түшүндүрсө болот?

Пробациялык көзөмөлдүн алкагында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар менен реабилитациялоо жана рециализациялоо иштери жүргүзүлбөйт. Анткени мындай иш үчүн даярдалган адистер жана эбегейсиз финансылык ресурстар талап кылынат, себеби, жазасын өтөгөн соттолгондорду жумуш, убактылуу турак-жай жана документтер менен камсыздалышы керек. Бизде соттолгондор эмес жөнөкөй жарандар үчүн да жумуш оңой табылбайт. Аларга турак-жайды кайдан табабыз, эгерде аларды түрмөгө отургузган тергөөчү менен опер кызматкерлерине таба албай жатсак.

Урматтуу профессор европалык институтту ишке киргизгиси келсе Европадагыдай акчаны кайдан алсак болоорун дагы айтсын.

Биздин шарттарда, ички иштер органдарынын “административдик көзөмөлү” маанилүү болмок, ошондо, эгерде түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери болбосо, анда жок дегенде  милициянын аймактык тескөөчүсү   жана опер кызматкерлер пенитенциардык посттон кийин оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон зордукчулар, террористтер адамдарга көзөмөл жүргүзүшмөк

Тилекке каршы кылмыш-кодекстеринин жакшы иштелип чыкпаган жаңы мыйзамдарга ылайык,  уурдоо, тоноо жана алдамчылык менен жаза өтөгөндөн кийин пробациялык көзөмөлгө алынса, ал эми адам өлтүрүү, терроризм,  сыяктуу оор кылмыш ишин кылган жарандар жазасын өтөп бүткөндөн кийин “төрт тарабы кыбыла” болуп калды.

 Биздин үйдө өскөн адистер совет мезгил учурундагы кылмышка каршы күрөштө административдик көзөмөлдү жок кылышты, жок дегенде мындай көйгөйлүү адамдарды көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жок, айрыкча, өзүнүн мүнөзүн  өзгөртүп жашай албаган кылмышкерлерге.

Совет мезгилинде, Ички иштер министрлиги жана анын ичинде жайгашкан Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы ушундай ыкма колдонуп, канкорлорду, зордуктоочуларды жана кылмышкерлерди көзөмөлдөп турушкан. Мисалга Тенизбеков Замирбек уурудан каракчылыкка өтүп, андан соң зордукчу менен адам өлтүрүү кылмышына өтүү ага анча деле оорчулук алып келген жок. Чезаре Ломбросо канчалык сындалбасын, бүгүнкү күндө көптөгөн илимпоздор зомбулукка жакын болуу кээ бир адамдардын канында жашайт деп эсептешет. Ушул жумада 9 окуучуну жана мугалимдерди аткан Казандагы окуя мени дагы бир жолу ынандырды.

 Аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө айып пул жазасын киргизип койгонун кантип түшүнсөк болот?

Мыйзам бузуулар кодексинин 75-беренесине ылайык, зордук-зомбулук көрсөткөн жаран соттун чечими менен 30 миңден 60 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттүү.

Ичкилик ичип отурган адам, эреже катары, жумушсуз, зордук-зомбулук негизинен иштебеген үй-бүлөлөрдө жасаларын эске алсак, “мындай айып пулду ким төлөйт?”. Туура! Иштеген аялы, жок дегенде, өзүнүн жана балдарынын тамак-аш, кийим-кечеге деген акчадан алып төлөйт. 30 миң сом албетте алар үчүн көп акча. Ушул эксперттер иштебеген үй-бүлө мынча акчаны кайдан табарын түшүндүрүп берсин, эгерде 30 миң сом айып пул төлөгөн мамлекеттик кызматкерлердин орточо үй-бүлөсү дагы айдын аягына чейин ачка калуу коркунучу бар

Ошондуктан, 80% аялдар жазган арынзын артка кайрып алат. Күйөөсүнөн физикалык жактан кордолуп, анан айып пул төлөйм деп сот кызматкерлери тарабынан күйөөсү менен бирге психологиялык басымга кабылат.

Советтик мезгилде мындай аялдарга жардамга келген, үй-бүлөөсүнө тынчтык бербеген аракечти коомдук жумуштарга 15-20 сутка иштетип, анан үй-бүлөсүн сагынып, соолуккандан кийин кое беришкен.

Азыр болсо, акча төлөп коюп аялыңды сабай бер, төлөй албасаң аялың төлөйт болуп калды. Эксперттердин оюу боюнча адилеттүүлүккө жатабы?

Административдик камакка алууну жоюп жатканда ИИОнун кызматкерлерине өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгарууга чейин аларды кайда кармоо керектигин же аларга билет алып берүүгө милиция каражатты кайдан алаарын айтып коюшса жакшы болмок.

КЖБР  каттоосуна чейин ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө тыюу салуу кылмыштын бетин ачууга чоң тоскоолук жаратты.  Эң татаал кырдаалда, ыкчам кызматкерлерге жетиштүү далилдер жетишпегенде, иштөөнүн ушул ыкмасы жардам берчү. Тартип сакчыларга кандай ыкманы калтырышты? Туура, далилдерди “сууруп алуу” гана калды, болбосо кантип ачат?

Мыйзамдарды гумандаштырууну каалаган эксперттер мыйзамды уурулар, зордукчулар жана киши өлтүргүчтөр үчүн гумандаштырып алышты, ошол эле учурда биздин жарандардын он миңдеген курмандыктарынын укуктары жөнүндө эч ким ойлогон жок. Биздин коомго азыр, гумандуулук эмес, тартип абадай керек. Баардыгы кылмыштуулуктун үстөмдүгүнөн чарчашты, айрыкча, уюшкан кылмыштуулуктан.

Сөзүмдүн аягында, урматтуу Л.Ч. Сыдыкова сизге айткым келет, европалык системага укук коргоо органдары эмес, коом даяр эмес.

ИИОнун кызматкерлери жаңы кодекстер менен иштей албаганында эмес, а жаңы кодекстер эффективдүү иштөөгө мүмкүнчүлүк бербейт. Иштей албаганы алардын колунан келбейт эмес, болгону аларга жаңыча кантип иштеш керек экенин эч ким айткан жок. Ошондуктан, сиздерди тергөөчү жана ыкчам  кызматкерлеринин ордуна иштеп көрүңүздөр деп сунуштайт элем, аларга иш учурунда онлайн сабак өтүп турсаңыздар болот. 

Ал эми кылмыштуулук (адам өлтүрүү, тоноо, урдоо) 23-кылымда деле өзгөрүүсүз калат. Жакшы нерсенин баары жаңы, адатта эскилер унутулат. Болбосо, Батыш эмнеге СССР учурундагы чек ара коргоо ыкмасын колдонууга кызыктар?

Жыйынтыгында айтканда, коомду биздеги кодекстер кызыктарбайт, алар кызматкерлер кабинетинеде отурбай кылмыш бетин ачып, өз убагында кылмыштын алдын алышын талап кылат. Мен мисал келтирген учурдагы мыйзамдар менен кодекстер укук коргоо органдарынын ишине эч кандай өзгөрүүлөрдү алып келбейт!

Садырбек Дубанаев, милициянын генерал-майору, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы