Коронавирус. Акыркы суткада дагы 8 бейтап каза тапты
Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус дагы 224 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 150,
Ош шаарында – 3,
Чүй облусунда – 41,
Ош облусунда – 2,
Талас облусунда – 2,
Нарын облусунда – 6,
Ысык-Көл облусунда – 18,
Жалал-Абад облусунда – 2.
Ал эми бир сутка ичинде 300 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда — 1 бейтап каза болду.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 546 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 473 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 473 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 602 киши айыгып чыкса, 1 миң 703 адам каза болду.