Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус дагы 259 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 161,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 44,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 14,
Ысык-Көл облусунда – 24,
Жалал-Абад облусунда – 10 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 284 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 694 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 435 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 151 бейтаптын абалы орто оордукта, 431 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 552 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 482 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 732 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 886 киши айыгып чыкса, 1 миң 711 адам каза болду.