Саясат

Комиссия: Centerra Кыргызстандын тышкы карызынын суммасындай киреше тапкан

Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясынын кирешеси Кыргызстан эгемен тарыхында чет жактан алган карыздын суммасы менен барабар. Бул тууралуу Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 1992-жылдан 2020-жылга чейин чет жактан 11 миллиард 420 миллион доллар өлчөмүндө кредит жана грант алган. Ошол эле мезгилде Кумтөрдөн түшкөн кирешенин көлөмү 11 миллиард 338 миллион долларды түзгөн. Бул каражатты Centerra сыртка чыгарып кеткен.

«Кумтөрдүн азыр да потенциалы чоң, комиссия мамлекеттин менчигине алууну сунуштап жаткан калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Анын баасы 5,3 миллиард доллар. Centerra өз отчетунда мындан сырткары дагы 400 тоннага жакын алтын бар деп тастыктоодо. Ушундай элдик байлыктын таланып-тонолуп жатканын көрүп туруп билмексен-байкамаксан болууга президенттин, парламенттин моралдык укугу жок эле. Биздин милдет кенди келечек үчүн иштетүү жана ошого карата күрөш, керек болсо согуш да башталды», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жана министрлер кабинети мамлекеттик комиссиянын чыгарган корутундусун угуп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button