Россияда энелери төрөп, таштап кеткен дагы 5 бөбөк Кыргызстанга кайтарылды

Россиянын Москва шаарынан жана Мосвка облусунан медициналык мекемелерде энелери таштап кеткен 2 жашка чейинки беш бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Балдарды кайтаруу иштери Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жардамы менен уюштурулган.

Наристелер Кыргызстандын аймагына келиши менен балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарды үй-бүлөлөрү менен бириктирүү максатында жакын туугандарын издей баштайт.

Белгилей кетсек, ушул жылдын ичинде Россия Федерациясынын он бир бала кайтарылды.