Спорт

Милициянын старшинасы Эржан Өзбекстанда өтө турган таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогуна катышат

ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Күзөт бөлүмүнүн  батальондун 8-взводунун милиционери милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан Бишкек шаарынын таяк тартыш боюнча ачык мелдешинде эки медаль тагынып, 90 кг салмакта чемпион аталды.  Ал эми 125 кг салмакта коло медалдын ээси болду! Милициянын старшинасы  Эржан спорттун бул түрү боюнча талыкпай эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди багындырып келе жатат.  Кыргыз Республикасынын таяк тартыш боюнча кубогунун коло медалынын ээси.  Жакында,  16-20 июнь күндөрү  Өзбекстандын  Хива шаарында өтө  турган таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогуна Кыргыз Республикасынын атынан барат!

Ички иштер органдарында кызмат  өтөө менен бирге спортту кошо алып келе жаткан кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button