Коом

Ошто бүгүн түнү жылуулук берилип баштайт

Ош шаарына 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү жылуулук берилип баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чечим кабыл алынып, тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди.

Жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.

Тектеш кабарлар

Back to top button