Коом

ИИМ 2024-жылы жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында төрт ири долбоорду ишке киргизет

2023-жылдын 22-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан жаңы жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа кырсыктарынын алдын алуу тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү.


Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков 15-16-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн Элдик Курултай боюнча өзүнүн пикирин билдирди.


“Курултай-эл менен бийликтин ортосундагы конструктивдүү диалогду өзүнө камтыган, көз караштардын айкалышкан жери болду. Бир катар социалдык-экономикалык, турмуш-тричилик жана руханий адеп-ахлактык маселелер каралып, талкууланып, жер-жерден келишкен делегаттар тарабынан ачык-айкын ой пикирлер жана сунуштар айтылды. Элдин күнүмдүк турмушунда көйгөйлөрдү жараткан актуалдуу суроолор каралып, анын жыйынтыгында Жогорку Кеңешке сунуштар берилип, Министрлер Кабинетине тиешелүү тапшырмалар айтылды. Жалпылап белгилегенде, Курултайда мамлекет тарабынан орун алган өнүгүүлөр, жасалып жаткан стратегиялык жумуштар жана алдыда аткарыла турган пландар айтылып, Президентибиз тарабынан коомчулукка жана курултайдын делегаттарына жеткирилди.

Өз кезегинде, Ички иштер министрлигинин ыкчам-кызматтык ишмердиги, анын ичинде санарип тармагы жана башка бир катар жетишкендиктер белгиленип, курултайдын баардык катышуучулары тиешелүү маалыматтарды алышты. Мамлекеттик маанидеги иш-чаранын аягында, резолюция кабыл алынып, тиешелүү тармактарга аткарууга тапшырылды. Ошол эле учурда, Ички иштер министрлигинин элди кабыл алуу бурчун уюштурганбыз, жыйынтыгында жалпы 63 делегеттан арыз-билдирүүлөр менен кайрылуулар келип түштү. Жарандардын кайрылуулары менин жеке көзөмөлүмө алынып, Катчылык тарабынан сиздерге жөнөтүлдү. Ошондуктан, бир дагы жарандын арызы жана сунуштары кароосуз калтырылбасын.
Курултай учурунда коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, үй-бүлөлүк зомбулуктарды, жаш балдарга байланыштуу кылмыштарды болтурбоо, унаа кырсыктарын жана жол тыгындарын алдын алуу боюнча маселелер айтылып, жогорку жетекчилик тарабынан түздөн-түз тапшырмалар берилди. Бул багытта, Ички иштер министрлигинин жана жер-жердеги ички иштер органдарынын жетекчилери — ыкчам иш-чараларды алып барып, сапаттуу ыкчам чараларды жүргүзүңүздөр. Келээрки жылы максималдуу заманбап санарип ыкмаларды колдонуп, элдин коопсуздугун камсыздоонун туруктуу методуна толугу менен өтүп, мүчүлүштүктөрдү биротоло жоюушубуз керек. Ички иштер органдарын андан ары өнүктүрүп, улам барган сайын алдыга карай жаңы кадамдарга бет алуусуна аракеттерди көрүшүбүз шарт”,-деди ИИМ башчысы.
Андан сырткары, кеңешмеде ички иштер министри облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын биринчи жетекчилерине да төмөнкудөй тапшырмаларды берди:

“Туруктуу өнүгүү” аталыштагы иш-мерчемдерди түзүп, финансы-чарбалык камсыздоо, кадрлар, эл аралык кызматташтык жана укуктук камсыздоо башкармалыктары, ошондой эле башкы штаб менен макулдашып, кураторлук жүргүзгөн менин орун басарларым аркылуу бекитип, иш алып барыңыздар. Өзүңүздөр жооптуу болгон аймактардын өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруп, өнүгүү процесстерин иликтеп чыгыңыздар. Анын ичинде, ыкчам-кызматтык, коомдук коопсуздук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандарды сапаттуу сервистик тейлөө жана башка маанилүү багыттар менен иштөөнү калыптандыруу маселеси камтылсын. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы — “Коопсуз регион” аталыштагы иш-чарасын андан ары улантсын.
Азыркы учурда, төрт чоң долбоорду ишке ашыруу үчүн, келишимдерди түзүп, макулдашуулардан өткөрдүк.

Биринчи долбоор: Эксперттик-криминалистиканы чыңдоо, модернизациялоо жана потенциалын жогорулатуу боюнча “ДНК лаборотория” куруп, ишке киргизүүнү пландап жатабыз.

Экинчи долбоор: Санарип инфра-түзүмдү жакшыртуу үчүн, Ички иштер министрлигинин жана анын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган “Санарип булут” технологиясын, анын платформаларын түзүп, ишке киргизүүнү көздөп жатабыз. Бул кадам, ыкчам маалыматтарды алууга жана жеринде иликтөөлөрдү жүргүзүү сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө жаратат.

Үчүнчү долбоор: “Жеткиликтүү милиция” аталыштагы программанын алкагында, “Милициянын көчмө кабылдамаларынын” ишмердигин күчөтүп, элди сервистик тейлөө сапатын кеңейтип, жаңы форматка чыгууну пландап жатабыз.

Төртүнчү долбоор: Бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө актуалдуу маселеге айланган коркунучтар бар. Андыктан, элдин коопсуздугун туруктуу деңгээлде камсыздоо боюнча “Экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү борборун” түзүүгө бел байлап жатабыз.
Сиздерге төрт ири долбоор боюнча кыскача маалымат берип өттүм. Келээрки жылы мындай өңүттөгү бир катар долбоорлорду даярдап, ишке ашырабыз. Эң негизгиси, бардык жасаган ишибиз-журтубуздун коопсуздугун жакшыртууга багытталышы керек.
Формалдуу эмес, реалдуу иш алып барууга кадам жасап, элдин чыныгы ишенген мамлекеттик органы жана коомчулук таянган тиреги болууга жетишибиз зарыл. Бул биздин алдыбызга койгон эң чоң максаттарыбыздын бири экендигин эсиңиздерге бекем сактап алыңыздар.
Социалдык турмуш-тиричиликте дайыма элдин көңүлүн бурган үй-бүлөлүк зомбулуктарга, жаш балдарды кыйноолорго, мазактоолорго, өспүрүмдөрдүн өз өмүрүн кыюу фактыларына бөгөт коюуга профилактикалык иштер күчөтүлсүн. “102” байланыш телефондору тынымсыз иш алып барып, жардам сурап кайрылган жарандарга токтоосуз түрдө ыкчам жардам көрсөтүлүп, бир дагы кемчиликке жол берилбесин. Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды алдын алуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлсүн. Акыркы учурда, эл арасында алдамчылык менен алектенген адамдар жана уюмдар кайрадан пайда болуп жатат. Элдин башын айлантып, алдап кеткен фактылар күн сайын катталууда. Алдамчылыктарды болтурбоо үчүн, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге туура түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн. Бардык ички иштер органдары жарандарга кызмат көрсөтүп, жарандык коом менен кызматташтыгын чыңдоого милдеттүү. Бул иш-аракеттер системдүү жана конструктивдүү болушу абзел.
Башка укук коргоо органдары менен биргеликте өлкөдөгү ыкчам кырдаалды көзөмөлдөөгө кошумча чараларды жүргүзүп, чек-арага жакын жашаган жарандарыбыздын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулсун. Коомдук-саясий абалды бузууга, ар түрдүү чагымчыл чакырыктарга жол бербөө боюнча биринчи кезектеги ыкчам иш-чаралар алып барылсын. Дагы бир жолу эсиңиздерге салам: коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда жана жаңы жылдык иш-чаралар өтүүчү жайларда кылмыштуулукту, укук бузууларды, тартип бузууларды, ар түрдүү бейбаштыктарды жана эл арасында резонанс жараткан окуяларды алдын алуу — ички иштер органдарынын ушул мезгилдеги негизги багыты болуп саналсын.
Жаңы жылды тосуу мезгилинде жана январь айынын башындагы эс алуу күндөрү коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар колго алынсын. “Милиция чакырсак келбей койду, же көп убакыттан кийин келди” деген нааразычылыктарга жол берилбесин. Элдин милицияга болгон ишенимин этият сактоо, өзгөчө жогору баалоо – баарыбыздын ыйык парзыбыз болуп эсептелет. Ар түрдүү кыйын абалга дуушар болгон адамдарга жеринде ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча жаңы жыл күнү жана дем алыш майрам күндөрү нөөмөттө турган — өзгөчө кырдаалдар, медицина, жергиликтүү бийлик, социалдык жана балдар иштери боюнча бөлүмдөрү менен биргеликте аракеттенүү жумуштарын күчөтүңүздөр. Жарандардын үмүт-тилегин актап, коомдун милицияга болгон көз карашын жакшы жакка калыптандырып, кызматкерлердин адилеттигин, жүктөлгөн ишине так, дасыккан мамилесин көрсөтө билгенде гана, коомчулук үчүн жасаган эмгектерибиз бааланат. Кызыкчылыкка эмес — акыйкаттуулукка, адилеттүүлүккө жана чындыкка умтулууну медер тутуңуздар.Коомдун сакчылыгын аздектеп, дайыма бийик кармаңыздар. “Кыргыз милициясынын” жолу түз, максаты курч, кадамы таза, жана багыты жемиштүү болуп, элибизге коркунучу жок, коопсуз жашоо шартын тартуулап, алдыга койгон максаттарга жетели.
Бүгүнкү кеңешмеде каралган маселелердин алкагында берилген тапшырмаларды так аткарып, кемчиликтерди жоюп, сын-пикирлерди жана көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө аракеттерди көрүү керек экендигин белгилеймин.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button