Саясат
Шайлоо-2020. Дагы бир партия шайлоого катышуудан четтетилди

Дагы бир партия парламентке ат салышуудан четтетилет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Боршайкомдун маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков билдирген.
Анын сөзү боюнча, «Актив» партиясы катталуу үчүн Боршайкомго баардык зарыл документтерди берген, бирок мыйзамдын талабына ылайык 24-августка чейин шайлоо күрөөсүнө коюлуучу 5 миллион сомду төлөгөн эмес.
5 миллион сомду төлөгөнү тууралуу банктын справкасы «Мекен Ынтымагы» партиясында да жок. Бирок саясий бирикменин штабында ишендиришкендей, керектүү сумма төлөнгөн, жакын арада тиешелүү документ Боршайкомго берилет.



