Окуялар
Нургазы Анаркулов 10-июнга чейин үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту Нургазы Анаркуловго карата бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде тергөөчү бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч менен кайрылып, ал канааттандырылган. Натыйжада Нургазы Анаркулов СИЗОдон бошотулуп, 10-июнга чейин үй камагына чыгарылды.
Ал массалык башаламандыктар боюнча иште айыпталуучу катары өтүүдө.
Буга чейин Нургазы Анаркуловдун кесиптештери президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны бошотууну суранышкан.
Эске салсак, 19-февралда Биринчи май райондук соту президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловго карата бөгөт чарасын тандап, аны 2026-жылдын 10-апрелине чейин камакка алган. Ал СИЗО-1ге жайгаштырылган.



