Коом
Эдил Байсалов пакистандык студенттердин жатаканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнү бейбаштар кол салган Кыргызстан Эл аралык университетинин Медицина факультетинин жатаканасына барды.
Эдил Байсалов чогулган чет элдик студенттерге бир топ бейбаштар тарабынан жасалган зордук-зомбулук жана зыян үчүн кечирим сураган сөздөр менен кайрылды.
Ал укук коргоо органдары окуянын жагдайларын тыкыр иликтеп жатканын жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартарын айтты.
Ошондой эле, чет элдик студенттердин суроолоруна жооп берип, алардын жашаган бөлмөлөрүн карап чыкты.



