
Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түздү.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.
Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.
Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.



