Свердлов районунун акими соцконтракттын негизинде жардам алгандарды кыдырды

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мамлекеттен берилген социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдү кыдырып чыкты.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, район башчысы Ак-Бата конушунда жашаган 3 социалдык жардам алуучу менен баарлашып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгилей кетсек, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучу 288 үй-бүлө каттоодо турса, алардын ичинен 85 үй-бүлөгө жана аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бөлүндү.
Социалдык контракт түзүлгөн 95 үй-бүлөнүн ичинен:
- жеңил өнөр жайы – 66 үй-бүлө;
- дүң соода – 13 үй-бүлө;
- коомдук тамактануу – 2 үй-бүлө;
- клининг кызматы – 2 үй-бүлө;
- такси кызматы – 6 үй-бүлө;
- биогумус – 1 үй-бүлө;
- маникюр кызматы – 1 үй-бүлө;
- тоок багуу – 2 үй-бүлө;
- кой багуу – 1 үй-бүлө;
- компьютердик кызматтар (ксерокопия) – 1 үй-бүлө.
Эскерте кетсек, жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларды турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү иш-аракеттерге стимулдаштырууга, алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ишкерлерди кошумча жумуш орундарын же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү процессине тартууга багытталган.



