Коом
Лейлек районунда “такси” иш-чарасы уланууда

Жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Лейлек районунун ИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери «такси» аталышындагы үгүт-насаат иш-чараларын улантууда. Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБ маалымат билдирди.
Бүгүн Лейлек райондук ИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери такси жана коомдук транспорттун айдоочулары менен алдын ала маектешүүлөрдү жүргүзүшүп, жол эрежелерин сактоо жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик , транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү эрежелерин жана тийиштүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүн алуу шарттарын түшүндүрүштү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине тиешелүү мыйзамдардагы өзгөртүүлөр тууралуу айтып беришти.




