Социалдык ипотекага батирлердин үлүшү эмне үчүн азырак болуп жатканы айтылды

Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин «Элден Собол» программасынын түз эфиринде МИКтин калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдирди.
Анын айтымында, турак жайларды бөлүштүрүүдө ар бир багыт боюнча кезекте турган жарандардын саны эсепке алынат: жеңилдетилген ипотека, жеткиликтүү ипотека жана социалдык ипотека. Кезекте тургандардын санына жараша ар бир багытка туура келген батирлердин үлүшү аныкталат.
Ошондой эле Тотубаева учурда социалдык ипотекага батирлердин үлүшү эмне үчүн азырак болуп жатканын түшүндүрдү.
«Мунун объективдүү себептери бар. Социалдык ипотека башында турак жай программасына кирген эмес, мурда болгону эки гана багыт бар болчу. Бирок өлкөдө турак жайга муктаж болгон, ал тургай көбүрөк муктаждыкка ээ калктын аялуу катмарлары бар. Ушуга байланыштуу 2023-жылы социалдык ипотека багыты ачылган. Бул багыт кийинчерек киргизилгендиктен, азырынча бул багыт боюнча кезекте турган жарандардын саны аз. Ошондуктан батирлерди бөлүштүрүүдө социалдык ипотекага туура келген үлүш да азырак болуп жатат», — деп белгиледи ал.



