Польшадан келген эксперттер Кыргызстандын Эсептөө палатасынын иш стандарттарын жогору баалашты

Польшанын Жогорку көзөмөл палатасынын делегациясы кыргызстандык кесиптештеринин иш ыкмаларына жогору баа беришти. Бул тууралуу Польшанын Жогорку көзөмөл палатасынын кеңешчиси Войцех Гутыла журналисттер менен жолугушууда “Abal.kg” агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал өткөн жылдын июль айында Польшанын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы Кыргызстанга иш сапары менен келип, анын жүрүшүндө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча келишимге кол коюлганын эске салды.

«Менин көз карашым боюнча, Кыргызстандын Эсептөө палатасы жогорку стандарттардын режиминде иштейт. Биз өнөктөш катары жетишкендиктерибиз, иштөө ыкмаларыбыз тууралуу айтып, тажрыйба алмашуу үчүн келдик, ошондой эле кыргызстандык кесиптештерибиздин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн келдик», — деди Гутыла.
Анын айтымында, польшалык адистердин иш сапарынын негизги максаты — дүйнөнүн бардык эсептөө палаталарын бириктирген эл аралык уюмдун алкагында кыргызстандык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу.
«Биз төрт компонент менен алектенебиз: негизги компонент аудиттин методологиясына жана стандарттарына тиешелүү, ал аудитти кантип жүргүзүү керек деген суроого жооп берет. Экинчи компонент Эсептөө палатасы тарабынан берилген документтерге ишенимдин жогору болушу үчүн аудиттин сапаты. Үчүнчү компонент аудитте жаңы технологиялардын ролуна, жаңы технологияларды жумушта кантип колдонууга болот. Төртүнчү компонент коммуникацияга тиешелүү», — деди Гутыла.

Долбоор боюнча кызматташуу 2025-жылдын аягына чейин пландаштырылган.



