КоомОкуяларСаясат

МИК Садыр Жапаров айтып жаткан топтолмо ипотека тууралуу маалымат берди

Президенттин демилгеси менен МИК РСК банкы (жакын арада «Элдик банк» болуп өзгөртүлөт) менен «Топтолмо ипотека» жаңы социалдык долбоорун иштеп чыгууда.

Долбоордун артыкчылыгы пайыздык чен элге жеткиликтүү жана насыя алуу шарттары жөнөкөй болот.

Үй алам деп жүргөндөр турак жайдын 30 пайызын өзү топтош керек. Аны «Элдик банктан» эсеп ачып, ошол жакка ай сайын салып турат.

Банк жарандын ай сайын акча төлөп тура аларына көзү жеткенден кийин алчу үйүнүн акчасынын 20 пайызын күрөөсүз эле 5 жылга 10 пайыз менен берип турат.

Калган акчанын 50 пайызын Мамлекеттик ипотекалык компания 8 пайыз менен 15 жылга берет.

Садыр Жапаров буга чейин үй алгандар алгачкы беш жылда «Элдик банктан» алган акчасынан кутулуп, андан кийин ипотеканын 50 пайызын төлөй турганын белгилеген.

Президент батирге деп акча топтоп жаткандарды азыртадан РСК банкынан эсеп ачууга чакырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button