Коом

УКМК: Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы 22 миң доллар пара менен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.

КР УКМК сот органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. тарабынан пара алуу фактысын аныктап, ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн пара түрүндө 22000 АКШ доллары суммасында акча каражатын алган.

Мындан улам, КР Башкы прокурору тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.га жана адвокат М.С.А.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө жана  342-берененин 1,2-пунктунун 3-бөлүгүндө («Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу») каралган негиздер боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.

2025-жылдын 13-февралында КР Судьялар кеңешинин, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.ны КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Азыркы учурда жогоруда аталган фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судья А.М.А.нын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам – тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button