Коом
Пиязды экспорттоого салынган тыюуну алып салууну Айыл чарба министрлиги сунуштады

Эске салсак өлкөдөн пиязды чыгаруу 30-апрелге чейин токтотулган. Буга Өзбекстан менен Пакистанда пияздын түшүмү начар болуп, башка өлкөлөрдөн анын импорту көбөйгөнү себеп болгон.
Айыл чарба министрлиги өлкөдө пиязга болгон бир айлык муктаждык 6 миң тоннаны түзсө, дыйкандарда 50 миң тонна запас бар экенин айтты.
Ал эми апрель айынын башынан баштап жаңы түшүмдү жыйноо башталат.
@user2



