Спорт
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага жолдомо утту

Ал Таиланддагы лицензиялык турнирде 57 килограммга чейинкилер категориясында чыккан. Спортчу жарым финалга чейин жетип, бирок утулуп калган. Үчүнчү орун үчүн кармашта Мунарбек индиялык атаандашын утту.
Кыргызстанга ал Олимпиада оюндары үчүн 15-жолдомону алып берди.



