Коом

Бишкектеги Курманжан датка көчөсү толук ачылды

Бишкек шаарында Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү толугу менен оңдолуп, автоунаалар үчүн ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар белгиленген мөөнөттөн 50 күн эрте аяктады.

Көчөнүн бул тилкесинде:

  • жылуулук өткөргүчтөр жаңыланды;
  • жолдун туурасы 12–16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди.

Эми көчөдө 3 метрлик тротуар жана 2 метрлик веложол куруу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button