Дүйнө

Казакстанда Жеки Чандын «Доспехи Бога — 4» тасмасы тартылат

Белгилүү актёр Жеки Чан ойногон «Доспехи Бога: Ультиматум» тасмасынын төртүнчү бөлүгүн тартуу иштери Казакстанда өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү Salem Entertainment студиясы инстаграм баракчасынан билдирди.

«Биз расмий түрдө Жеки Чандын Алматыга болгон жогорку деңгээлдеги иш сапарынын чоо-жайын ачыктап жатабыз. Бул культтук франшизадагы жаңы тасманын үстүндө иштөөгө тиешелүү «Доспехи Бога: Ультиматум»  Миллиондогон көрүүчүлөрдүн арасында популярдуу  болгон легендарлуу дастанын төртүнчү бөлүгү Казакстанда тартылат», — деп билдирди студия.

Эскерте кетсек, Жеки Чан Алматыга бир жума мурун келген. Бирок анын сапарынын чоо-жайы учурда ачыкталган эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button