УКМК: Ата-энеңди жана балдарыңды өлтүрөм деп коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан КР жараны Б.И.М.ден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан Ош облусунун тургуну, 1984-жылы 25-июнда туулган КР жараны Т.У.С. аныкталып, кармалды.
Маалымдама: Аталган Т.У., БАЭде жана Дубайда жүргөндө К.Асанбектин атын пайдаланып, Б.И.М.ге жана анын туугандарына карата физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан 2 000 000 (эки миллион) рубль өлчөмүндө «Уурулардын жалпы фонду «кирешесине акча талап кылган. Ошондой эле, Т.У. эгер төлөмдөн баш тартса, Б.И.М.дин ата-энесин жана балдарын өлтүрөм деп коркутканын белгилеген.
2021-жылдын 12-ноябрында У.Т.нын шериги З.Б., акча алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
2022-жылдын 11-майында У.Т. КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн (сыртынан) айыпталган.
Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарга карата тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.



